Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы кармалды
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Полотов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Ички иштер министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, ал 2022-жылдын 29-июлунда кызматтык абалын пайдаланып, 82,75 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин аукцион өткөрбөстөн эле жеке жакка мыйзамсыз сатып жиберген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тергөөдө анын диплому жок эле кызматта болгону аныкталган. Демек, шектүү мыйзамсыз түрдө эмгек акы алып келген. Натыйжада мамлекетке 5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















