super.kg logo

Эмил Ишен Көчмөндөр оюнунда  айтылган "Манастын" узартылган вариантын даярдады (видео)

 

Кыргызстандык манасчы Эмил Ишен кечээ, 4-октябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында аткарылган "Манастын" уландысын даярдап жатканын жазды.

Ал элдин өтүнүчү боюнча чыгарманы узагыраак кылып даярдаганын белгиледи.

"Элдин суроосу боюнча Көчмөндөрдүн ачылышындагы Манасты узагыраак кылып даярдадым. Видеосун тартып, жакында чыгарабыз",- деп жазды ал.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде аксакал образындагы актёр "Манас" эпосунан үзүндү аткарган. Ал үн "Үркөр" тобунун солисти Эмил Ишенге таандык экени кийин маалымдалып, көрүүчүлөрдүн зор суктануусун жаратып келет.






Эмил Ишен Көчмөндөр оюнундагы "Манастын" узартылган вариантын даярдады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: