Президент Нарында 9 балалуу үй-бүлөгө унаа белек кылды (видео)
Президент Садыр Жапаров Нарындагы көп балалуу үй-бүлөгө минивэн үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды. Өлкө башчысы мындай күтүүсүз белекти Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүн көрүп жатканда берди.
Ипотекалык компаниядан 3 бөлмөлүү батир алган жубайлардын 9 баласы бар. Алар 5 уул жана 4 кыз. Үй-бүлөнүн кожоюну милиция кызматкери болуп эмгектенет.
Эскерте кетсек, бүгүн, 7-октябрда Нарын шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган көп кабаттуу батирлер президенттин катышуусунда жарандарга берилди.
Президент көп балалуу үй-бүлөгө унаа белек кылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:21
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















