Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгы талкууланды
Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев 16-октябрда БУУнун Кыргызстандагы жаңы дайындалган туруктуу координатору Брайан Уильямс менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Брайан Уильямс дайындоо катынын көчүрмөсүн тапшырды.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы кызматташтыкты, мамлекеттик органдар менен уюмдун түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн, биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Ошондой эле 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү күн тартибинин алкагында эл аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелери каралды.
Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун БУУнун колдоосу астында Ысык-Көлдү сактоо боюнча трасттык фонд түзүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду.
Асеин Исаев Брайан Уильямсты Кыргызстандагы миссиясынын башталышы менен куттуктап, анын тажрыйбасы эки тараптуу өнөктөштүктү чыңдоого салым кошоруна ишеним билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















