Окуучулар Соң-Көлдүн жаратылышын коргоого киришти (видео)
Нарындын Кочкор районундагы Төлөк айылында Соң-Көлдүн канаттууларын жана суу-саздак жерлерин коргоого арналган экологиялык фестиваль өттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, "Соң-Көл куштарын бирге сактайлы" аталышындагы фестивалда экологиялык көргөзмө, жергиликтүү продукциялардын жарманкеси жана окуучулар арасында сынактар уюштурулду. Иш-чарага Соң-Көл орто мектебинин 7-9-класстарынын окуучулары катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар Соң-Көлдүн жаратылышын коргоо боюнча биргелешип иш алып барууну макулдашканы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:21
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















