super.kg logo

Кыргызстан дүйнөдөгү экономикасы эң тез өсүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирди  

 

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) болжолуна ылайык, Кыргызстан 2026-жылы экономикалык өсүш темпи боюнча дүйнөлүк рейтингде 5-орунду ээледи.

Анын маалыматына караганда, дүйнөлүк экономиканын өсүшү 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча 3,1 пайызды түзөрү күтүлүүдө.

Экономикалык өсүш боюнча алдыңкы орундарда Азия жана Африка өлкөлөрү турат. Ал эми биринчи орунга Түштүк Америкадагы Гайана өлкөсү чыгып, анын ИДПсы 22,3 пайызга өсөрү болжолдонууда. Тайвандын экономикасынын өсүшү 10,7 пайыз деңгээлинде күтүлүүдө.

Ошондой эле экономикалык өсүшү жогору өлкөлөрдүн катарына Түштүк Судан, Эфиопия, Руанда, Вьетнам жана Өзбекстан кирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: