27-октябрга карата аба ырайы
Эртең, 27-октябрда өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы мүмкүн.
Кыргызгидромет билдиргендей, Бишкек шаарында аба ырайы өзгөрмөлүү, булуттуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн 0... -2 градус, күндүз +15…+17 градус болот.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз +10…+15
- Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз +9…+14
- Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21
- Баткен облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21
- Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -4…+1, күндүз +9…+14
- Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +11…+16 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:21
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















