super.kg logo
  Саясат  

"Төлөдүбү, алып бергиле". Президент тургундун батир маселесин чечүүнү тапшырды (видео)

 

Кечээ, 3-ноябрда президент Садыр Жапаров Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушту.

Анда Май айылынын тургуну Тилек Эмил уулу мамлекет башчысына кайрылып, 2023-жылы сатып алган батиринин ачкычын ала албай жатканын билдирди.

"2023-жылы “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын “Бурана Гранд” турак жайынан 82,5 чарчы метрлик батир алгам. Акчасын 100 пайыз төлөгөм. Батир 2024-жылы бүтмөк, бирок курулуш созулуп, 2026-жылы гана аяктады. Фирмага чалсак, келип ачкычты алып кеткиле дешти. Сүйүнүп, балдарымды, келинчегимди ээрчитип барсам, “силерге ачкыч берилбейт” дешти. Себебин сурасам, “сен подрядчыдан алгансың” деп жооп беришти. Батирди сатып алып жатканда фирмадан "подрядчы силерде иштейби?" деп сурагам. “Иштейт, коркпой ала бергиле” деп айтышкан. Мамлекеттик каттоодон өткөн бардык документтер колумда",- деди ал.

Президент Садыр Жапаров бул маселени чечүү боюнча Курулуш министрлигине тапшырма берди.

"Алып бергиле. Генералдык директорбу, подрядчыбы, бизге айырмасы жок. Төлөдүбү, алып бергиле",- деди өлкө башчысы.






Президент тургундун батир маселесин чечүүнү тапшырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: