Садыр Жапаров Грузиянын парламент спикери менен жолугушту
Бүгүн, 4-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолугушту.
Президенттин администрациясы маалымдагандай, жолугушууда парламенттер аралык дипломатияны чыңдоо маселелери, ошондой эле эки тараптуу, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темалар боюнча пикир алмашуу болгон. Мамлекет башчысы Түштүк Кавказ өлкөлөрү, анын ичинде Грузия менен кызматташуу өлкөнүн тышкы саясий багытында артыкчылыктуу орундардын бирин ээлей турганын баса белгилеген.
Ошону менен бирге Садыр Жапаров транспорттук-логистикалык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүүнү келечектүү багыттар катары белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн айткан.
Өз кезегинде Шалва Папуашвили жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын чоң потенциалы бар экенин жана аны өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилеген. Ал бул сапары кыргыз-грузин байланыштарын чыңдоого жана кызматташууну кеңири багыттар боюнча кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















