Улуттук онкология борборуна жаңы алынып келген УЗИ аппараттары текшерилди
Улуттук онкология жана гематология борборуна жасалма интеллект технологиялары менен иштеген Mindray Resona R9 үлгүсүндөгү төрт ультра-добуштук аппарат орнотулуп, ал текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, аппараттардын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири - жасалма интеллект технологияларынын интеграцияланышы.
"Бул технологияларды калкан сымал безди, сүт бездерин, боорду жана башка органдарды изилдөөдө колдонууга болот. Ошол эле учурда изилдөөнүн жыйынтыгын баалап, акыркы диагнозду коюу дарыгердин компетенциясында калат. Бул аппараттын жардамы менен жүрөктү ультра-добуш аркылуу текшерүү - эхокардиография жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Буга чейин бул борбордо мындай изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Мындан тышкары, аппараттардын экөө органдарды бир эле учурда эки тегиздикте көрсөтүүчү бипландык датчиктер менен жабдылган",- деп айтылат маалыматта.
Министрлик буга чейин төрт ультра-добуштук диагностикалык систем иштеп келгенин, жаңы жабдыктарга президенттин администрациясы каражат бөлгөнүн билдирди. Бир аппараттын баасы 8 миллион 400 миң сомду түзөрү кошумчаланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















