Чемпионду тосуп алууда жол эрежесин бузгандарга чара көрүлөт (видео)
Бишкекте дзюдо боюнча жаштар арасындагы Азия кубогун жеңип алган Талып Касымбаевди тосуп алуу учурунда жол эрежесин бузган жарандарга чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
"Биз спортчуну жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бирок күйөрмандардын мындай аракеттери чемпиондун атына көлөкө түшүрүп, анын жетишкендигине терс таасирин тийгизүүдө. Урматтуу жарандар, кубанычыбызды мыйзам бузуу менен эмес, маданияттуу түрдө билдирели!", - деп айтылды маалыматта.
Чемпионду тосуп алууда жол эрежесин бузгандарга чара көрүлөт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















