Журналист Эрнис Кыязов ИИМдин кызматкерлери менен жолукмай болду
Журналист Эрнис Кыязов Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмү телефон чалып чакырганын билдирди.
Анын айтымында, аталган бөлүмдөн байланышкан кызматкер жөн гана тактап алчу сөздөр бар экенин билдирген. Бирок Кыязов сүйлөшүү үчүн ИИМдин имаратын эмес, нейтралдуу жерди сунуштаган.
"Эми мына, 10-бөлүмдүн балдары менен кезигиш керек болуп турат. Телефондо катуу сүйлөбөгөн, жаркылдаган жигиттер "жөн эле, мындай эле" сүйлөшүүдө эмне дешээр экен? Кыргыз Республикасынын 2030-2035-жылдарга карата өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздери боюнча пикиримди сурашар бекен же "шыпыргыны тикесинен коюу Уңгу жол идеологиясына киреби жокпу?"деп сурап көрүшөбү, байкайынчы", - деп сарказм менен пикир калтырды соцтармактагы баракчасына.
Ошондой эле саясатчы Сыймык Жапыкеев менен болгон маегинен кийин УКМК менен ИИМден чочулап жүргөнүн белгилеп, бирок көп өтпөй ал оюнан кайтканын кошумчалады журналист.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















