Саламаттык сактоо министри президенттин демилгесин колдоого алды
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов президент Садыр Жапаровдун энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдой турганын билдирди.
"Президент өлкө келечеги жана улуттун генофонду үчүн тарыхый жана чечкиндүү кадамга барды. Энергетикалык суусундуктарга толук тыюу салуу демилгеси - бул жөн гана экономикалык чечим эмес, бул - кыргыз улутун сактап калуу жана коргоо миссиясы!
Биз күн сайын ооруканаларда бул уунун кесепетин өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Бир жылда 54 миллион литрден ашык химиялык суусундук ичилип жатканы - бул үрөйдү учурган трагедия! Бул жүз миллиондогон банкалар жаштарыбыздын жүрөгүн токтотуп, бөйрөгүн иштен чыгарып, кант диабетине кабылдырууда.
Ооба, президент белгилегендей, мамлекеттик бюджет 1,5 миллиард сом салыктан кол жууйт экен. Бирок эч бир салык, эч кандай акча биздин балдарыбыздын өмүрүнөн кымбат эмес! Ден соолугунан ажыраган муун - бул өлкөнүн шору. Бизге ууланган эмес, табигый күч-кубатка ээ, акыл-эси сергек, темир билек муун керек! Биз оорунун кесепети менен күрөшүүдөн чарчадык, эми анын тамырын кырка турган убакыт келди. Саламаттык сактоо министрлиги президенттин тапшырмасын аткарууга жана 6 ай ичинде бул ууну өлкөдөн биротоло тазалоочу мыйзамдык чараларды иштеп чыгууга толугу менен даяр",- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















