super.kg logo

Аламүдүн районунда 9 айда өнөр жай өндүрүшү 16,2 миллиард сомго жетти

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 16 миллиард 250 миллион сомду түздү. Ал эми негизги капиталга инвестициялар өткөн жылга салыштырмалуу 63,8 пайызга көбөйүп, 3 миллиард 298,8 миллион сомго жетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүчтөр президент Садыр Жапаровдун бүгүн, 6-ноябрда Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аламүдүн районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча берилген маалыматта айтылды.

Райондогу ири инвестициялык долбоорлордун катарында төмөнкүлөр белгиленди:

  • Инвестициянын көлөмү 20 миллион АКШ долларын түзүп, 2 миң жумуш орду түзүлгөн “Силк Вэй” соода борбору,;
  • Инвестициянын көлөмү 4,2 миллиард АКШ долларын түзгөн “Манас” шаарчасы;
  • Инвестициянын көлөмү 18 миллион АКШ долларын түзүп, 500 жумуш орду түзүлгөн “Чанхун” металлургиялык заводу;
  • Инвестициянын көлөмү 35 миллион АКШ долларын түзүп, 250 жумуш орду түзүлгөн “Глобал Хаб” логистикалык борбору.

Ошондой эле 2024-2026-жылдары райондо 41 социалдык объект курулуп, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Алардын ичинде 15 мектеп, 7 бала бакча, 11 спорттук объект жана 6 медициналык мекеме бар.

Мындан тышкары, райондун жолдорун оңдоо, маданият үйлөрүн куруу, канализациялык тармактарды жаңылоо жана көпүрөлөрдү салуу сыяктуу иштерге болжол менен 2 миллиард сом талап кылынары белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: