Президент "Учкундун" мурдагы директору китепке байланыштуу кызматтан алынганын ачыктады
Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин сатылып кетишине байланыштуу Бакытбек Султанов "Учкун" басмаканасынын директорлугунан бошотулганын айтты.
"Эки жылдын ичинде бир дагы ата-эне китеп сатып албайт. Мектептерде бүт бекер кылабыз. Өткөндө базарда сатыкка чыгып кетпедиби, ал ошол жетекчисинин күнөөсү экен. Ошон үчүн кызматтан кетирдик", - деди өлкө башчы кечээ, 6-ноябрда Аламүдүн эли менен болгон жолугушуусунда.
Буга чейин расмий маалыматта Султанов кызматтан өз каалоосу менен кеткени айтылган. Анын ордуна Ильгиз Тапаев дайындалган.
Президент "Учкундун" мурдагы директору китепке байланыштуу кызматтан алынганын ачыктады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















