UFC'деги экинчи жеңиш! Кыргызстандык Муртазали Магомедов бразилиялык атаандашын утту
Кыргызстандык мушкер Муртазали Магомедов UFC уюмунда кезектеги беттешин жеңиш менен жыйынтыктады. Ал бүгүн, 8-ноябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC Fight Night 293 турниринде бразилиялык Жозе Делано менен беттешти.
Жеңил салмактагы үч раундга белгиленген беттештин жеңиши калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен Магомедовго берилди.
Белгилей кетсек, бул жеңиш Магомедовдун профессионалдык карьерасындагы он экинчи жана UFC уюмундагы экинчи жеңиши болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:14
2026-11-04
21:37
2026-11-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















