Атчан жаш жубайлар жана ретро унаалар: Алайкууда өзгөчө той өттү (видео)
Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу аймагында өткөн өзгөчө үйлөнүү үлпөт той социалдык тармактын колдонуучуларынын көңүлүн бурду.
Видеодон жаш жубайлардын ат минип, ал эми достору эски үлгүдөгү унаалардан турган кортеж менен айылга кирип келгенин көрүүгө болот.
Видеонун астына пикир калтыргандар тойдун жөнөкөйлүгүн жана өзгөчөлүгүн белгилешүүдө. Алар бул үлпөттү ашыкча чыгымсыз, нукура кыргыз салтында өткөн той катары баалап, жаш жубайларга бакыт каалашууда.
Ат үстүндөгү жаш жубайлар жана ретро унаалар: Алайкууда өзгөчө той өттү (видео)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:28
2026-11-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















