Ошто мыйзамсыз аңчылык кылган жаран жоопкерчиликке тартылды (видео)
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жүргүзүлгөн рейд учурунда пневматикалык курал менен мыйзамсыз аңчылык кылган жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аңчылык эрежелерин бузганы үчүн жаранга 10 миң сом айып салынып, мыйзамсыз атылган төрт канаттуу үчүн жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтурууга 6 миң сом доо коюлду.
Мындан тышкары, жергиликтүү тургундарга жапайы жаныбарларды коргоо жана аңчылык эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү белгилүү болду.
Мыйзамсыз аңчылык
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:20
2026-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















