УКМК: Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун 38 мүчөсү кармалды
Өлкөдө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун 38 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-ноябрда УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн катышуусунда өлкө аймагында масштабдуу операция жүргүзүлгөн.
Кармалгандардын арасында эркектер жана аялдар бар. Алардын көпчүлүгү уюмдун жогорку жана орто жетекчилик курамына кирери аныкталган.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, узакка созулган ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кармалгандардын радикалдык идеологияны жайылтканы жана жаңы мүчөлөрдү уюмга тартканы боюнча далилдер алынган. Бул фактылар дин таануу экспертизасынын корутундулары менен тастыкталган.
Ошондой эле айрым кармалгандар тергөөгө тоскоолдук жаратып, экстремисттик адабияттарды жок кылууга аракет кылышкан.
Тинтүү учурунда экстремисттик адабияттар, байланыш каражаттары жана тыюу салынган материалдарды даярдоо жана таратуу үчүн колдонулган буюмдар алынган.
Учурда кармалгандарга карата тергөө иштери уланууда.
“Хизб ут-Тахрир” уюмунун 38 мүчөсү кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















