super.kg logo

Чүй милициясы жол кырсыгына айыпталган эгиздер боюнча түшүндүрмө берди

 
Бүгүн, 9-ноябрда Чүй облустук милициясы Москва районунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына байланыштуу камакка алынган эгиздердин иши боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, окуя 2025-жылдын 25-ноябрында болгон. Анда Ауди-100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1986-жылы туулган жергиликтүү тургунду сүзүп кеткен. Унаада айдоочунун 1992-жылы туулган эгиз туугандары да болгон.

"Айдоочу жабырлануучуну дароо ооруканага жеткирбестен, алгач үйүнө алып барган. Кийин гана ооруканага жеткиришкен. Ошондой эле алар жол кырсыгы болгонун жашырып, медициналык кызматкерлерге жабырлануучу аттан кулап кеткенин билдиришкен. Натыйжада жабырлануучу алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон",- деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча айдоочуга 3 берене менен, ал эми унаадагы эгиз жүргүнчүлөргө Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренеси (Жардам көрсөтпөй коюу) менен айып тагылып, 29-декабрда кылмыш иши кароо үчүн сотко жөнөтүлгөнү кошумчаланат.
Белгилей кетсек, кечээ, 8-ноябрда президент Садыр Жапаровдун Чүй облусуна караштуу Москва районунун тургундары менен жолугушуусунда Жаныбек Молдалиев аттуу жаран жол кырсыгы учурунда жүргүнчү болгон эгиз уулдары камакка алынганын айтып, жардам сураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: