Краковдо атышуу уюштурган жаран ооруканада каза болду
Польшанын Краков шаарындагы борбордук аянтта ок чыгарган 24 жаштагы Михал О. ооруканада көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Эске салсак, 7-ноябрда атышуудан алты адам каза болуп, дагы 16 киши жаракат алган. Жабыркагандардын арасында Австрия, Германия, Португалия, Орусия жана Улуу Британиянын жарандары болгон.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү ашкере оңчул идеологиянын таасиринде болушу мүмкүн. Ал кармалып жатканда полиция тарабынан ок атылган. Бүгүн ал жараатынан улам көз жумду",- деп кошумчалады маалымат булактары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:57
2026-11-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















