Меган Марклдын атасы оор айып менен камакка алынды
Ханзаада Гарринин жубайы, Сассекс герцогинясы Меган Марклдын атасы Томас Маркл жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулукка байланышкан материалдарды сактаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга ылайык, 81 жаштагы шектүүнү Тампа шаарындагы карылар үйүнөн полиция кызматкерлери кармашкан. Окуя анын уулу Томас Маркл атасынын үйүнөн тыюу салынган сүрөттөрдү тапканын айтып, полицияга кайрылгандан кийин коомчулукка белгилүү болгон.
Белгилей кетсек, ал окуядан кийин кызы Меган Маркл атасы менен болгон мамилесин балдарынын коопсуздугу үчүн алыстатууну чечкени белгилүү болгон.
Ал эми Томас Маркл өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп, айыптоолордун чын-төгүнү аныкталууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















