Орусиянын сегиз аймагында мигранттарга такси айдоого тыюу салынышы күтүлүүдө
2027-жылдан тарта Орусиянын сегиз аймагында чет өлкөлүк жарандарга такси кызматында иштөөгө тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн басылмалары маалымдашты.
Маалым болгондой, чектөөлөр Мордовия, Чувашия, Татарстан, Удмуртия республикаларына, ошондой эле, Свердлов, Оренбург, Ульяновск жана Еврей автономиялуу облусуна тиешелүү болот. Буга себеп, айтылган аймактарда такси айдоочулары тарабынан жол эрежелери сакталбаганына байланыштуу, жол кырсыктарынын көп катталып жатканы.
Мындан тышкары, Калуга облусунда мигранттардын курьер болуп иштөөсүнө да тыюу салуу каралууда.
Тиешелүү документти Эмгек министрлиги даярдап, октябрдын аягында Орусиянын үч тараптуу комиссиясы жактырган. Эми аны премьер-министр Михаил Мишустин бекитиши керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:57
2026-11-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















