Өзбекстанда сууктан улам газ куюучу жайлардын иши чектелиши мүмкүн
Өзбекстандын Энергетика министрлиги жакынкы күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөшүнө байланыштуу газ куюучу жайлардын ишине убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүндүгүн эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-11-ноябрь күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Түнкүсүн абанын температурасы -7 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Министрликтин маалыматына караганда, суук мезгилде жаратылыш газы биринчи кезекте калкка, мектептерге, ооруканаларга жана башка социалдык мекемелерге берилет.
Буга байланыштуу зарыл болгон учурда метан жана пропан куюучу жайлардын иштөө убактысы чектелиши мүмкүн. Мындай чектөөлөр киргизилсе, май куюучу жайлардын иш графиги жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашылып, айдоочуларга алдын ала кабар берилет.
Ошондой эле министрлик жарандарды газды жана электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















