Универсалдык мушташ: Кыргызстан Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду
Орусиянын Кемерово шаарында өткөн универсалдык мушташ боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз спортчулары жалпы командалык эсепте коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациянын президенти биздин порталга билдирди.
Маалыматка караганда, 1-8-ноябрь күндөрү "Кузбасс-Арена" спорттук комплексинде универсалдык мушташ боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Мелдешке дүйнөнүн 34 өлкөсүнөн 1200дөн ашык спортчу катышты.
Кыргызстандын намысын коргогон мушкерлер төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө ээ болушту.
18-20 жаш арасында Айткулов Рамазан 75 килограмм салмак категориясында алтын медаль тагынды.
Акматбеков Кубанычбек - 60 килограмм салмак категориясында күмүш байге тагынды;
Мамбетов Жеңишбек - 80 килограмм салмак категориясында күмүш байге ээси болду;
Садырбеков Бектемир - 85 килограмм салмак категориясында күмүш медаль тагынды;
Ыманбеков Акылбек - коло медалдын ээси болду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















