Эрдоган Трамптын Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу аракетин колдой турганын билдирди
Түркия АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы жаңжалды токтотууга багытталган демилгелерин колдойт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Азербайжандан кайтып келе жатканда журналисттерге билдирген.
“Биз Трамп мырзанын бул багыттагы аракеттерине оң баа берип, аларды колдойбуз”,- деген Эрдоган.
Анын айтымында, Анкара жаңжал башталгандан бери адилеттүү тынчтык орнотуу позициясын карманып келет. Түркия эки тарап менен тең байланыштарын улантып, бул үчүн Батыш өлкөлөрүнүн сынына кабылган.
Эрдоган Түркиянын позициясы адилеттүүлүк принциптерине негизделгенин жана анын тууралыгы барган сайын айкын болуп жатканын белгилеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:12
2026-11-10
23:57
2026-11-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















