Мына кызык... Перуда мэрди тыйын ыргытып тандашты (видео)
Перунун Конима округунда мэр шайлоо өтүп, жеңүүчүнү тыйын ыргытып тандашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Рубен Киспе Капаханья менен Саломино Мамани Киспе бирдей - 671 добуш алып калышты. Мындан улам шайлоо комиссиясы полиция, нотариус жана байкоочулардын катышуусунда ачык тыйын таштоо оюнун ойношту.
Жыйынтыкта тыйын таштоодон Рубен Киспе Капаханья жеңүүчү деп табылды. Ал эми утулуп калган талапкер мындай ыкмага нааразы болуп, тең чыккан учурда тыйын таштабай, экинчи тур өкөрүүнү сунуштады.
Перуда мэрди тыйын ыргытып тандашкан (видео)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















