super.kg logo

Испания: Турак үйдүн алдындагы жардыруудан кийин полиция кызматкери каза болду (видео)

 

Бүгүн, 10-ноябрда Испаниянын Овьеде шаарында жарылуу болуп анын кесепетинен Улуттук полициянын кызматкери каза таап, дагы бир кызматкери оор жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жарылууга чейин бул аймакта эки үй-бүлөнүн ортосунда куралдуу кагылышуу орун алып 17 жаштагы кызга ок чыгарылган. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери үйдүн кире беришинде шектүү рюкзакты көрүшүп, дароо саперлорду чакырышкан. Бирок рюкзактын ичинде колго жасалган жардыргыч зат адистер аны текшерип жаткан учурда жарылып кеткен.

Жыйынтыгында бир полиция кызматкери каза болуп, экинчи кызматкердин жаракатынан улам бир буту ампутацияланды. Учурда жергиликтүү укук коргоо органдары кылмышка шектүүлөрдү издөө жана тергөө иштерин жүргүзүүдө.






Испания: Турак үйдүн алдындагы жардыруудан кийин полиция кызматкери каза болду (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: