Болгарияда тумандан улам келип чыккан кырсык: 70 автоунаа кагылышты (видео)
Бүгүн, 10-ноябрда Болгариянын Тракия автотрассасында калың тумандан улам 70ке жакын автоунаа кагылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Болгарияда жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00 чамасында Ямбол шаарына жакын жердеги Зимница аймагында эки башка тизмектүү жол кырсыгы катталды. Көрүү мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен, оор жана жеңил жүк ташуучу автоунаалар кагылышып, 10го жакын адам каза болуп 16 адам жабыркаган.
Кырсыктын айынан магистралдын эки тарабы тең жабылып, жабыркагандарды ооруканага жеткирүү үчүн атайын тик учак тартылганы маалым болду. Ошондой эле куткаруу иштерине 14 өрт өчүрүүчү бригада катышты.
Азыркы учурда ички иштер кызматтары окуя болгон жерде коопсуздуктун кеңири чараларын көрүүдө.
Болгарияда тумандан улам келип чыккан кырсык: 70 автоунаа кагылышты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















