Өлкөдө 28 бала угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту
5-ноябрдан 9-ноябрга чейин Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун Оториноларингология бөлүмүндө Катар мамлекетинен келген дарыгерлер тобу тарабынан угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация боюнча кайрымдуулук операциялары жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, адистер операцияга талапкер болгон 35 баланы медициналык кароодон өткөрүштү.
"Балдардын ден соолугунун абалы жана тиешелүү диагностикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары эске алынып, алардын ичинен 28 балага операция жасоого чечим кабыл алынды. Калган балдардан КРВИ, отит жана алдын ала дарылоону талап кылган башка убактылуу медициналык каршы көрсөтмөлөр аныкталды. Жыйынтыгында 28 балага кохлеардык имплант ийгиликтүү орнотулду. Мындан тышкары, эки балага ата-энелеринин өз каражаттарынын эсебинен дагы бирден кошумча имплант орнотулду. Жалпысынан кайрымдуулук миссиясынын алкагында 30 кохлеардык имплантация жасалды",- деп кошумчаланды маалыматта.
Операциядан кийин балдар дарыгерлердин медициналык көзөмөлүндө болушары маалым болду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















