Камчыбек Ташиев 15 жаштагы Амирдин өлүмү боюнча үн катты
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 15 жаштагы Амирдин өлүмүнө байланыштуу үн катты. Бул тууралуу анын тарапташтары Фейсбук баракчасында билдиришти.
Анын айтымында, куткаруу кызматына кырсыкка учураган адамдын өзүнөн түздөн-түз жардам сурап чалуу түшкөндө, операция максималдуу түрдө ыкчам жана сабаттуу уюштурулушу зарыл. Буга чейин ал ӨКМди башкарганын эске салды.
"Маалымат түшкөндөн кийин министр токтоосуз кырдаал боюнча доклад алып, куткаруу кызматтары менен биргеликте операцияны башташы керек болчу. Жогорку жактан буйрук күтпөстөн, окуя болгон жерге өзү барып, куткаруу иштери толук аяктаганга чейин жеке өзү жетектеши керек эле",- деп баса белгиледи ал.
Ташиев эгер министр бардык тиешелүү аракеттерди көрүп, бирок адамды куткаруу мүмкүн болбосо - бул форс-мажордук жагдай экенин, ал эми башка аракет кылган болсо адам өмүрүн сактап кала албагандыгы үчүн мыйзам алдында жооп бериши керектигин айтты.
Ошондой эле ал Амирдин атасы Максат Кунакуновдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















