Каттам бар. Долон ашуусунда кар жаап баштады
Бүгүн, 11-ноябрга карата Нарын облусундагы Долон ашуусунда да аба ырайы өзгөрүп, жеңил кар себелеп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди."Кар жол бетине тоңбой, айдоочуларга тоскоолдук жаратпагандыктан каттам бар. Жол тейлөө кызматкерлери ашуудагы кырдаалга туруктуу көзөмөл жүргүзүп жатышат. Учурда автоунаалардын кыймылы үчүн бардык шарттар бар, жолдор таза жана транспорт каражаттары тоскоолдуксуз өтүүдө",- деп кошумчалады мекеме.
Министрлик ашуулар аркылуу жолго чыга турган айдоочуларды аба ырайынын өзгөрүлмөлүү шарттарын эске алууга, унаалардын дөңгөлөктөрүн мезгилге ылайык кышкыга алмаштырууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:10
2026-11-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















