super.kg logo
  Саясат  

 "Элементардуу рация жок". Депутат ӨКМ кызматкерлерине чара көрүүнү сунуштады (видео)

 

Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Карыбек уулу Ала-Арчада 15 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушуна байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жооптуу кызматкерлерине катуу чара көрүүнү сунуштады.

Депутаттын айтымында, өспүрүмдөн саат 19:00дө кабар түшкөндөн тартып, ар бир мүнөттө кандай чечим кабыл алынганы расмий түшүндүрүлүшү керек. Ошондой эле куткаруу иштеринде рациянын жоктугун жана тик учакты узак убакыт күтүү көрүнүшүн сынга алды.

"Элементардуу бир рация жок болуп жаткандыгы эмнеден кабар берет? Бул шалаакылыктан кабар берет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жооптуу кызматкерлерине катуу чара көрүш керек. Эртең ушундай окуяда тикесинен тик тура турган болушу шарт. Аба ырайы катаал болуп жатканда же түнкү режимдерде уча турган биздин экипаждар жокпу? Президентибиздин жакшы сөзү бар, "Бирге жаза, миңге сабак" деген. Ошондой болуп, жоопкерчиликтерин катуу карап койсок тартип болот. Мындан кийин ушундай окуя кайталанбайт",- деди ал.






Депутат ӨКМ кызматкерлерине чара көрүүнү сунуштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: