super.kg logo
  Саясат  

Өлкө жетекчилиги маркум Амир Кунакуновдун жакындарына көңүл айтты

 

Өлкө жетекчилиги тоодон каза тапкан Амир Кунакуновдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда президенттик администрация билдирди.

"Жашы жете элек Амир Кунакуновдун каза болушу оор кайгы болду. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, коркунучта калган адамдарга өз убагында жардам көрсөтүү жана мындай трагедияларга жол бербөө мамлекеттик органдардын эң маанилүү милдеттери болуп саналат. Кабыл алынган чечимдер аныкталган кемчиликтер үчүн жоопкерчиликти камсыз кылууга, куткаруу кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана мындай окуялардын алдын алууга багытталган.
Аныкталган кемчиликтерди жоюу жана шашылыш чара көрүү системин өркүндөтүү маселелери өлкө жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат",- деп белгиленди маалыматта.

Эске салсак, 7-ноябрда эртең менен Амир Кунакунов үйүнөн чыгып, чуркоо боюнча мелдеш өтүп жаткан "Ала-Арча" жаратылыш паркына барган. Бирок жаш курагына байланыштуу мелдешке катышууга уруксат берилбегендиктен, өспүрүм Адыгене капчыгайын көздөй өз алдынча кеткен. Ошол эле күнү кечинде ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине телефон чалып, тоодо адашып калганын билдирген. Андан көп өтпөй аны менен байланыш үзүлгөн.

9-ноябрда өспүрүмдүн сөөгү "Электро" чокусунан табылып, 10-ноябрда жерге берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: