Дастан Бекешев университеттерди реформалоону сунуштады (видео)
Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандагы жогорку окуу жайларды реформалоо зарылдыгын белгиледи.
Анын пикиринде, университеттер эски системден баш тартып, студенттердин өнүгүүсүнө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көңүл бурушу керек.
"Университеттер акча сордуруучу уюмдарга айланып калды. Келишимдик төлөмдөр көбөйүп жатат, бирок билим берүүнүн сапаты өсүп жатабы - бул чоң суроо. Жогорку окуу жайлардын көпчүлүгү демилгелерди ишке ашыруучу билим берүү борборлоруна айланышы зарыл. Жалпысынан студенттер - чоң, бирок уюштурулбаган күч. Аларды бириктирип, туура багытка багыттоого болот. Университеттер студенттерди ар кандай кесиптик тажрыйбаларга да өздөрү жөнөтүшү керек. Азыр эмне болуп жатат? Студенттин колуна дептер берип: “Мына, эми практика өтө турган жерди өзүң тап, өзүңдү каттат, мүнөздөмөңдү да өзүң жаз”,- дешет. Университеттерди реформалоого убакыт келди. Болбосо, ушундай тартипте иштей беришсе, алар эртеби-кечпи өнүгүүдөн артта калып, билим берүү үчүн жараксыз болуп калышы мүмкүн",- деди ал.
Буга кошумча депутат ректорлор студенттер менен түз байланышып, алардын көйгөйлөрүн билип, демилгелерин колдоого алышы керектигин белгиледи. Ошондой эле студенттерге спорттук иш-чараларга катышууга, жол кире, тамак-аш жана банк кызматтары боюнча жеңилдиктерди алуу мүмкүнчүлүгүн түзүүнү сунуштады.
Дастан Бекешев университеттерди реформалоону сунуштады
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















