super.kg logo

Ала-Арчадагы окуядан кийин депутаттык комиссия түзүлдү (видео)

 

Ала-Арча окуясынан кийин Жогорку Кеңеш мамлекеттик органдардын ыкчам кызматтарынын ишмердүүлүгүн жана калкка көрсөткөн кызматтарынын сапатын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түздү. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда парламент жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, депутаттык комиссия Ала-Арчада болгон окуяны гана карабастан, жалпы мамлекеттик органдардын, анын ичинде тез жардам кызматынын чакырууларга кечигип келиши жана калкты тейлөөдө жаралган жалпы көйгөйлөр каралат.

"Калкты тейлөө борборлорунан тартып, элге кызмат көрсөткөн бардык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн, иштөө ыкмаларын жана кемчиликтерин карап чыгышыбыз керек. Мындай окуялардын алдын алып, келечекте кайталанбашы үчүн депутаттык комиссия түзүлдү",- деди Маматалиев.

Комиссия түзүү маселеси күн тартибине киргизилип, депутаттар тарабынан бир добуштан колдоого алынды. Анын курамына парламенттеги ар бир депутаттык топтон бирден өкүл кирди.

Эске салсак, 15 жаштагы Амир Кунакунов 7-ноябрда Ала-Арча капчыгайында дайынсыз жоголуп, эки күндөн кийин жансыз денеси табылган.






Ала-Арчадагы окуядан кийин депутаттык комиссия түзүлдү (видео)

Ала-Арчадагы окуядан кийин депутаттык комиссия түзүлдү (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: