super.kg logo

Соцтармактын колдонуучусу Бактыбек Молдалиев 3 жылга эркинен ажыратылды

 

Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн, 11-ноябрда социалдык тармактын колдонуучусу Бактыбек Молдалиевди 3 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу шаардык соттон билдирди.

Маалым болгондой, ал Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. М.Б.нын жаза мөөнөтү 2026-жылдын 8-майынан тартып эсептелет. Сотко чейинки камакта отурган убактысы жаза мөөнөтүнө эки эселенген тартипте кошулду. Камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.

Бул арада анын жубайы Элвира Жусупова "Азаттыкка" маек берип, ал "Клооп Медиа" басылмасынын материалын бөлүшкөнү үчүн үч жылга эркинен ажыратылганын, бирок жолдошу коюлган айыпты моюнуна албай, эч кандай материалды бөлүшпөгөнүн билдирди.

Эскерте кетсек, 2025-жылы 27-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту “Клооп”, “Темиров Лайв” жана “Айт-Айт Десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: