super.kg logo

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 10 айда 546 миллион сом төлөп берди (видео)

 

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму быйылкы жылдын 10 айында камсыздандыруу учурлары боюнча жалпы 546 миллион сом төлөп берди. Бул тууралуу аталган ишкананын төрагасы Элдияр Калдарбеков "Биринчи радиого" билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы уставдык капиталды көбөйтүү максатында мамлекет тарабынан уюмга 5 миллиард сом бөлүнгөн. Акыркы жылдары уюмдун финансылык абалы жакшырып, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү да өскөн.

"2024-жылы 240 үйгө 37 миллион сом төлөп бергенбиз. 2025-жылы 31 миллион сом, быйыл турак жайлар боюнча эле 61 миллион сом төлөдүк. Андан тышкары, унаалар жана мамлекеттик мүлк да бизде камсыздандырылган. Алардын баарын эсептегенде, быйыл 10 айда 546 миллион сом төлөп бердик. Эки миңден ашык адам мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан жардам алды. Былтыр жалпы 146 миллион сом төлөгөнбүз",- деди Калдарбеков.

Ошондой эле ал камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өсүшү камсыздандырылгандардын саны жыл сайын көбөйүп жатканын көрсөтөрүн кошумчалады.






Мамлекеттик камсыздандыруу уюму быйыл 10 айда 546 миллион сом төлөп берди (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: