super.kg logo

Депутаттар Бишкектеги тергөө абагында кармалгандардын арыз-муңун угушту

 

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү менен биргеликте Бишкектеги №21 тергөө абагында мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө депутаттар камераларды кыдырып, камакта жаткан 10дон ашык жаран менен баарлашты. Алар негизинен соттук териштирүүлөрдүн создуктурулушуна, тергөөнүн калыс жүргүзүлбөшүнө жана медициналык жардамдын сапатына даттанышкан.

Ошондой эле камактагылар дарыгерлердин жана дары-дармектердин жетишсиздигин айтышкан. Алардын бири төрт ай мурда боорун алмаштыруу боюнча операция жасатканын, учурда медициналык текшерүүгө жана дарыланууга муктаж экенин билдирген. Дагы бир жаран I топтогу майыптыгы бар экенин айтып, көрүүсү начарлап кеткенине байланыштуу жардам сураган.

Депутаттар абак жетекчилигине медициналык жардамга муктаж жарандарды текшерүүдөн өткөрүүнү уюштурууну тапшырышты.

Маалыматка ылайык, учурда №21 тергөө абагында 1474 адам кармалууда. Алардын 120сы аялдар.

Комитет мүчөлөрү түшкөн кайрылуулар иликтенип, кармалгандардын укуктарын камсыз кылуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: