Сосновкада унаалардын кышка даярдыгы текшерилип жатат
Чүй облусунун Сосновка айылындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо постунда өтүп бара жаткан унаалардын техникалык абалы жана дөңгөлөктөрү текшерилүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда кышкы дөңгөлөктөрү жок, жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөн айдоочуларга мыйзам чегинде чаралар көрүлүүдө.
Ошондой эле кызматкерлер айдоочуларга кышкы жол шарттарында коопсуз жүрүү, унаалар ортосундагы аралыкты сактоо жана унаанын техникалык абалы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Иш-чара жол кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:44
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















