Желимдин ордуна кагаз: Президент Ысык-Көлдөгү ишкердин демилгесин колдоду (видео)
Кечээ, 14-ноябрда президент Садыр Жапаров Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары менен жолугушууда Бөкөнбаев айылынын тургуну, жеке ишкер Эдил кагаз баштык чыгарган өндүрүшүнө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.
Ал эки ай мурун Ысык-Көл облусунда крафт кагаз баштыктарын чыгаруучу ишкана ачып, өндүрүштү өнүктүрүү аракетин көрүп жатканын айтты.
"Кытайдан жабдууларды алып келип, эки ай мурун крафт кагаз баштыктарын чыгаруучу өндүрүш ачтым. Акыркы бир айдан бери дүкөндөрдү кыдырып, желим баштыктардын ордуна кагаз баштыктарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатам. Мамлекет тарабынан колдоо жана көзөмөл болбосо, ишти өнүктүрүү кыйын болуп жатат", - деди ишкер.
Ошондой эле ал Чүй облусунда да ушундай өндүрүш ачканын кошумчалады.
Буга жооп катары президент ишкерге өндүрүштү өлкөнүн башка аймактарында да ачууну сунуштап, мамлекет жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
"Ысык-Көлгө, керек болсо Ош, Жалал-Абад, бардык облустарга ачкыла. Мамлекет жардам берели", - деди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, 2027-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө желим баштыктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат.
Желимдин ордуна кагаз: Президент Ысык-Көлдөгү ишкердин демилгесин колдоду
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















