Ошто эки заманбап асма жол куруу пландалууда (видео)
Ош шаарында туристтердин агымын көбөйтүү максатында эки асма жол куруу пландалууда. Бул тууралуу кечээ, 15-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, асма жолдордун бири шаардын түштүк-чыгыш тарабынан Ак-Буураны бойлой Навои атындагы сейил бакка чейин тартылса, экинчиси Керме-Тоо тоосунан башталган багытта курулушу күтүлүүдө. Ош шаарынын мэри Жанар Акаев чет элдик адистер менен биргеликте асма жол куруу пландалып жаткан аймактарды кыдырып, долбоордун багыттарын талкуулады.
"Учурда тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жана алдын ала тактоо иштери жүрүп жатат. Бардык даярдык жана макулдашуу жараяндары аяктаган соң, келерки жылдын жаз айларында курулуш иштерин баштоо мерчемделүүдө",- деп кошумчаланды маалыматта.
Ошто эки заманбап асма жол куруу пландалууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















