Узак мөөнөттүү өнүгүү курсу: Кыргызстандагы адамдарга, инфраструктурага жана азык-түлүк секторуна инвестиция салуу

Борбордук Азиядагы күнүмдүк керектелүүчү товарлар (FMCG) тармагындагы алдыңкы компаниялардын бири болгон Umai Group (анын курамына Umai Retail, Forester, Ecoterra жана Logopark кирет) компаниясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы Руд Педерсен азык-түлүк чекене соода тармагын чагылдырган, Европадагы абройлуу European Supermarket Magazine басылмасына маек берди. Ал Борбордук Азиядагы заманбап чекене сооданын өнүгүү тарыхы, Umai Group компаниясынын өсүшү жана аймактын келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылды. Бул макала ошол маектин негизинде даярдалды.
Азык-түлүк чекене баада сатылган тармакта компаниянын иш натыйжасы үйгө жакын жайгашкандыгынан, текчелерде тизилген товарлардан, баалардан жана тейлөө деңгээлинен байкалат. Бирок мындай күнүмдүк көрүнүштүн артында өндүрүүчүлөр, бөлүштүрүү борборлору жана дагы товар менен камсыз кылуу, запасты башкаруу, ошондой эле кардарларды тейлөө үчүн күн сайын эмгектенген миңдеген адамдардан турган система турат. Бул — заманбап соода-сатыктын өлкөнүн экономикасына кошкон салымын аныктаган, бири-бирине тыгыз байланышкан чоң механизм.
Жакында European Supermarket Magazine басылмасына берген маегимде мен Борбордук Азиядагы азык-түлүк чекене соодасынын келечеги жана Umai Group компаниясынын пландары тууралуу сөз кылдым. Эл аралык аудитория үчүн негизги темалардын бири — аймактагы өсүп жаткан керектөө базарынын мүмкүнчүлүгү. Ал эми биз үчүн дагы бир маанилүү суроо бар: ири чекене соода компаниялардын өнүгүшү Кыргызстандын өзүнө — анын тургундарына, адистерине жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрүнө эмне берет?
20 жылдан ашык убакыт ичинде Umai Group чекене соодадан баштап, сооданы, дистрибуцияны, логистиканы жана транспортту бириктирген топторго чейин жеткен жолду басып өттү.
Кыргызстан – биздин ишкерликтин негизи, ал эми бул жерде топтолгон тажрыйба келечектеги өнүгүү пландарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Биз үчүн өсүү – бул жаңы дүкөндөр жана сатуунун көбөйүшү эле эмес, бул – эң оболу элге, инфраструктурага жасалган узак мөөнөттүү инвестициялар жана өнөктөштөр менен болгон туруктуу байланыш түзүү болуп саналат.
Жумуш орундары жана кесиптик мүмкүнчүлүктөр
Бүгүнкү күндө Umai Group төрт бөлүмдү камтыйт. Алардын бири — Кыргызстандагы Globus, «Народный», «Достор» жана SPAR бренддеринин астында 175тен ашык дүкөндү башкарган Umai Retail. Аларга күн сайын 300 миңден ашык сатып алуучу келет. Чекене соода багытында 7500дөн ашык адам эмгектенет, алар дүкөн кызматкерлеринен тартып , сатып алуу, логистика, технология жана башкаруу тармагындагы адистерге чейин бар.
Заманбап соода өнүккөн сайын жаңы компетенцияларга болгон керектөө да өсүүдө. Туруктуу жеткирүүлөрдү уюштуруу, кампалардын натыйжалуу иштеши жана ассортиментти башкаруу үчүн заманбап технологиялар жана татаал операциялык процесстер менен иштей алган кесипкөй командалар керек. Биз мындай адистердин өлкө ичинде өсүп-өнүгүшүнө жана бул жерден өзүнүн узак мөөнөттүү карьерасы үчүн мүмкүнчүлүктөрдү көрүшүнө кызыкдарбыз.
Мындай мүмкүнчүлүктөр Бишкек менен эле чектелип калбашы да маанилүү. Мисалы, биздин Forester дистрибьютордук компаниябызда 1800дөн ашык адам иштейт, ал эми жети филиалыбыз Кыргызстандын бардык аймактарында ишин камсыздайт. Биз бүткүл өлкө боюнча бизнести өнүктүрүү менен жумуш орундарын түзүп жатабыз жана борбор калаадан тышкары жерлердеги өндүрүүчүлөр, соода түйүндөрү жана сатып алуучулардын ортосундагы байланышты чыңдайбыз.
Туруктуу өсүш үчүн зарыл болгон инфраструктура
Сатып алуучу үчүн керектүү азык-түлүктөрдүн сатыкта болушу, алардын сапатынын сакталышы жана баасынын жеткиликтүүлүгү маанилүү. Бул үчүн жөн гана жаңы дүкөндөрдү ачуу жетишсиз. Тармак кеңейген сайын логистикалык инфраструктураны, анын ичинде кампалардын кубаттуулугун, транспорттук системаны, товарларды эсепке алуу жана запастарды башкаруунун системаларын, ошондой эле өзгөчө температуралык шарттарды талап кылган продукцияларды ташуу, сактоо логистикасын өнүктүрүү зарыл.
Биздин негизги долбоорлорубуздун бири – Бишкектин жанындагы А классындагы Logopark бөлүштүрүү борбору. Бул – продукцияларды ар кандай температуралык режимде, анын ичинде муздатылган жана тоңдурулган товарларды сактоочу заманбап жайлар. Logopark тармактын учурдагы гана эмес, келечектеги муктаждыктарын да камсыздайт. Борбордун курулушу жана чекене соода тармагын кеңейтүү биздин инвестициялык программабызга кирет, ал 50 миллион АКШ долларына чейинки каржылоону камтыган Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) колдоосуна алынган.
Биз мындай инфраструктурага мүмкүнчүлүктөр түгөнүп калганда эмес, алдын ала инвестиция кылууга умтулабыз. Заманбап логистика жеткирүүлөрдү так пландаштырууга, чыгымдарды азайтууга жана товарлардын туруктуу бар болушун камсыздоого жардам берет. Жыйынтыгында бул кардар үчүн чындап маанилүү болгон нерселерде: ассортиментте, азык-түлүктүн жаңылыгында, ыңгайлуулукта жана баа менен сапаттын айкалышында чагылдырылат.
Ошол эле учурда кардарлардын талаптары да өзгөрүүдө. Баа мурункудай эле тандоонун негизги факторлорунун бири бойдон калууда, бирок дүкөндүн ыңгайлуу жайгашуусу, тейлөө сапаты жана керектүү нерселердин баарын бир жерден сатып алуу мүмкүнчүлүгү барган сайын чоң мааниге ээ болууда. Заманбап чекене сатуунун өнүгүүсү күнүмдүк сатып алуулардын жеткиликтүүлүгүн көз жаздымда калтырбай, бул талаптарга жооп бериши керек.
Жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен бирге өсүү
Күчтүү чекене соода тармагы ага товар жеткирип берген компаниялардан бөлөк өнүгө албайт. Umai Group үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен кызматташуу — иштин маанилүү бөлүгү. Тармак кеңейген сайын биз жеткирүүчүлөргө көбүрөөк соода түйүндөрүнө кирүүгө мүмкүндүк берип, алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон суроо-талапты камсыздай алабыз. Бул аларга өндүрүштү пландаштырууга, сапатка инвестиция кылууга жана өз бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет.
Тез бузулуучу азык-түлүктөр менен иштөөдө логистиканын ролу өзгөчө байкалат. Сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди жана нан азыктарын өндүрүүчүлөр үчүн ишенимдүү жеткирүү жана температуралык режимдерди сактоо чоң мааниге ээ. Товардын өндүрүүчүдөн кардарга чейинки жолу канчалык натыйжалуу болсо, анын сапатын сактап калууга жана чыгымдарды азайтууга ошончолук көп мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Бул жерде биздин өздүк дүкөндөрүбүз эле эмес, башка жагдайлар да маанилүү. Forester өлкө боюнча 15 миңден ашык соода түйүнүн товар менен камсыздайт. Автоунаа жана темир жол аркылуу жүк ташуу менен алектенген Ecoterra компаниясынын иши бул тутумду толуктап, Кыргызстанды аймактык жана эл аралык рыноктор менен байланыштырат. Бул багыттар биригип, сооданы жана берүүчүлөрдү өнүктүрүү үчүн зарыл болгон инфратүзүмдү түзөт.
Өлкө жана анын тургундары алдындагы жоопкерчилик
Жумуш орундарын камсыздоо жана инфратүзүмдү өнүктүрүү – бизнестин экономикага кошкон чоң салымы, бирок жалгыз бөлүгү эмес. Ондогон жылдарга пландарды алдын ала түзгөн компания жергиликтүү коомчулуктун жашоосуна катышууга тийиш деп эсептейбиз.
Ошондуктан Umai Group балдар спортун жана чыгармачылык чөйрөсүндөгү демилгелерди колдойт, жеңил атлетика жана триатлон федерациялары менен кызматташып, билим берүү жана башка коомдук долбоорлорду өнүктүрүүгө жардам берип келет.
Мунун баары – биздин узак мөөнөттүү стратегиябыздын бир бөлүгү. Ар бир бизнес өз кызматкерлери менен кардарлары жашаган, өнөктөштөрү иштеген жана адистердин келечек муундары өсүп жаткан өлкөнүн өнүгүшүнө кызыкдар болушу керек.
Кыргызстандан – аймактык өнүгүүгө
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда топтолгон тажрыйба бизге жаңы рынокторго чыгууга жардам берүүдө. Биз Казакстандын түштүгүндөгү 49 супермаркетти бириктирген «Вкусная корзинка» тармагын сатып алууну аяктадык. Бул биздин Кыргызстандан тышкаркы алгачкы чыгуубуз, эми Umai Group Борбордук Азиянын эки өлкөсүндө иш алып барат. Келечекте биз таанымал жергиликтүү бренддерди сактап калуу жана ар бир рыноктун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен эки бизнести тең өнүктүрүүнү көздөп жатабыз.
Ошол эле учурда бизнесибиздин негизги өзөгү Кыргызстанда, биздин компетенцияларыбыздын борбору ушул жерде, биз түйүндүн өсүшүнө, логистиканы, технологияларды жакшыртууга жана кесипкөй командаларды өнүктүрүүгө инвестиция салабыз. Аймактык өсүш биз үчүн – топтолгон тажрыйбаны жаңы шарттарда колдонуу менен бирге ички рыноктогу позицияларыбызды бекемдөө мүмкүнчүлүгү.
Кыргызстанда түзүлгөн компаниялардын ийгилигин ачылган дүкөндөрдүн саны же географиялык жайгашуусу менен гана баалабаш керек деп ишенем. Алардын өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы да маанилүү: адамдардын өз үйүндө жумуш таап, карьера куруусуна мүмкүнчүлүк түзүп жатабы, жергиликтүү өндүрүүчүлөргө жаңы сатуу рынокторун ачып жатабы жана сапаттуу продукцияны сатып алуучулар үчүн жеткиликтүү кылып жатабы – мына ушулар маанилүү. Дал ушундай конкреттүү жыйынтыктардан бизнестин да, өлкөнүн да узак мөөнөттүү өсүшү ишке ашат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















