Ормуз кысыгында мунай ташыган танкер жарылды
Кечээ, 15-ноябрда Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө тыюу салынган түштүк багытта эки танкер минага кабылды. Бул тууралуу Ирандын аскер-деңиз күчтөрү чет элдик басылмаларга маалымдады.
Маалыматка ылайык, кемелер Иран уруксат бербеген аймактан жашыруун өтүүгө аракет кылышкан.
"Алар кармалбаш үчүн байкоо жана аныктоо системдерин өчүрүшкөн. Минага кабылган кемелер өрттөнгөн. Алардын бири 2 миллион баррелден ашык чийки мунай ташыган танкер болгон. Ал жарылуудан жана катуу өрттөн кийин Перс булуңунун түштүк бөлүгүндө чөгүп кетти", - деп билдирди чет элдик басылмалар.
Белгилей кетсек, Ормуз кысыгында буга чейин дагы мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган, 3 мунай ташуучу кеме жарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:42
2026-11-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















