super.kg logo

Трамп, Путин жана Си Цзиньпин 19-ноябрда Кытайда жолугушат

 

АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 19-ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында үч тараптуу жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка ылайык, бул үч өлкөнүн лидерлеринин алгачкы үч тараптуу жолугушуусу болот. Анда негизги көңүл өзөктүк куралдардын санын кыскартуу жана аларды көзөмөлдөө маселелерине бурулат.

АКШнын Ак үйүнүн өкүлү Оливия Уэйлс жолугушуудан дароо кандайдыр бир келишимге жетишүү күтүлбөй турганын билдирген.

Мындан тышкары, The New York Post басылмасы тараптар АКШ менен Ирандын ортосундагы согушту жана Түндүк Кореяга байланыштуу кырдаалды да талкуулашы мүмкүн экенин жазды.

Ал эми Украинадагы согуш маселеси жолугушуунун күн тартибине кирбей турганы айтылууда. АКШ өкүлүнүн пикиринде, бул маселени талкуулоого Кытай түздөн-түз катышпайт. Ошондой эле Путин менен Трамптын өзүнчө жолугушуусу пландалган эмес.

Буга чейин The Wall Street Journal басылмасы Путин үч лидердин жолугушуусун өткөрүүнү сунуштаганын жазган. Маалыматка караганда, ал Украинадагы согушту токтотуунун шарттарын Европа өлкөлөрүнүн жана Украинанын катышуусуз талкуулоону көздөгөн. Ал эми Трамп мындай жолугушууда Украина маселесинен көрө өзөктүк куралсызданууну талкуулоого кызыкдар экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: