super.kg logo

АКШда 10 миңден ашык авиакаттам үзгүлтүккө учурады

 

АКШда аба кыймылын башкаруу системасындагы байланыш үзгүлтүгүнөн улам 10 миңден ашык авиакаттам кечигип, айрымдары токтотулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, АКШнын Федералдык жарандык авиация башкармалыгы (FAA) 13-ноябрдын кечинде өлкөнүн бардык аэропортторунан учуп чыгууга киргизилген убактылуу чектөөнү алып салды.

Буга чейин байланыштагы мүчүлүштүк өлкөдөгү аба кыймылын башкаруу борборлорунун баарына таасир эткен. Ушундан улам АКШнын транспорт министри Шон Даффи бардык аэропорттордон учуп чыгууга убактылуу тыюу салынганын билдирген.

Министрдин айтымында, үзгүлтүккө учураган аба кыймылын башкаруу системасы эскирген. Аны жаңылоо үчүн ал Конгресстен 50 миллиард доллар өлчөмүндө чукул каржылоо бөлүүнү суранган.

Ал эми АКШнын Улуттук коопсуздук министри Маркуэйн Маллин учурда окуяга киберчабуул себеп болгонун көрсөткөн белгилер жок экенин билдирген.

Чектөө алынганына карабастан, авиакаттамдардын кармалышы жана токтотулушу дем алыш күндөрү да уланышы мүмкүн.

Эске сала кетсек, АКШда мындай жалпы улуттук чектөө акыркы жолу 2023-жылдын январында Федералдык жарандык авиация башкармалыгынын негизги компьютердик системаларынын бири иштен чыкканда киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: