super.kg logo

Араб парламенти хуситтерди каржылоону токтотууну көздөп жатат

 

Араб парламенти Йемендеги “Ансар Аллах” кыймылын (хуситтерди) каржылоо жана курал-жарак менен камсыздоо каналдарын бөгөттөө боюнча эл аралык демилге көтөрдү. Бул тууралуу уюмдун билдирүүсүндө айтылат.

Демилгенин алкагында хуситтердин жетекчилигине каршы санкцияларды кеңейтүү да каралган.

Маалыматка ылайык, план хуситтерди каржылоо жана курал менен камсыздоо булактарын токтотууга, ошондой эле алардын ишмердүүлүгүн колдогон финансылык жана аткезчилик тармактарын, коммерциялык түзүмдөрдү жана акча которуу каналдарын аныктоого багытталган.

Белгилей кетсек, Араб парламенти Араб мамлекеттеринин лигасынын өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Ал уюмга мүчө өлкөлөрдүн депутаттарын бириктирип, кеңеш берүүчү ыйгарым укуктарга ээ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: