Ошто милиционерди тизелетип кечирим сураткан жаран өзү элден кечирим сурады
Ошто милиция кызматкерин тизелетип, кечирим сураткан видеону интернетке жарыялаган жаран коомчулуктан жана милиционерлерден кечирим сурады.
Ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө окуя учурунда оор абалда ооруканада жатканын жана кызуу кандуулукка алдырып, милиция кызматкерин тизелетип кечирим суратканын айткан.
Ошондой эле видеону интернетке жарыялоо менен кызматкердин ар-намысына шек келтиргенин мойнуна алып, МАИ кызматкерлеринен жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн кечирим сураган.
Буга чейин социалдык тармактарда ооруканада тартылган видео тараган. Анда милиция кызматкерин тизелетип, кечирим суратканы көрүнгөн.
Ош шаардык милициясынын маалыматына ылайык, Абдусатар Нышанбаевдин арызынын негизинде териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ошто милиционерди тизелетип кечирим сураткан жаран өзү элден кечирим сурады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:43
2026-11-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















