super.kg logo

Lexus үлгүсүндөгү айрым унааларды чыгарууда мүчүлүштүк кеткени айтылды

 

Япониянын "Lexus" унаа компаниясы коопсуздук жаздыктарындагы мүмкүн болгон мүчүлүштүккө байланыштуу Австралиядагы 7015 унаасын кайра чакыртып алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Маалым болгондой, бул мүчүлүштүк 2005-2012-жылдары чыгарылган Lexus IS250, IS250C, IS350 жана IS-F үлгүлөрүн камтыйт.

"Коопсуздук жаздыктарындагы "Takata" газ генераторлоруна жогорку температура менен нымдуулуктун узак убакыт таасир этиши алардын курамындагы заттын касиеттерин өзгөртүп, жаздык ачылган учурда коркунуч жаратышы мүмкүн. Lexus бул чара алдын алуу максатында көрүлүп жатканын билдирди. Унаа ээлерине газ генераторлорун тейлөө борборлорунда акысыз алмаштыруу сунушталат",- деп белгиленди маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: