super.kg logo

Монголиянын президенти отставкага кетти

 

Бүгүн, 17-ноябрда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрэлсүх өз каалоосу менен отставкага кетерин расмий жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мындай чечим оппозициялык Демократиялык партиянын айыптоолорунан улам кабыл алынды. Оппозиция өкүлдөрү президентти мамлекеттик темир жол долбоорунан каржылык пайда көргөн деп айыптап, тергөө иштерин жүргүзүүнү талап кылышты.

Ухнаагийн Хүрэлсүх өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, укук коргоо органдарына акыйкаттуу тергөө иштерин жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнү чечкени айтылды.

Жаңы мамлекет башчы шайланганга чейин президенттин милдеттерин өлкөнүн парламент спикери аткарат, ал эми шайлоо мөөнөтүнөн мурда төрт айдын ичинде өткөрүлөрү маалым болду.

Эске салсак, Ухнаагийн Хүрэлсүх 2021-жылдын 25-июнунда расмий түрдө ант берип, кызматына киришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: